Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Аксыда чек ара тилкесиндеги 21 үй-бүлө көчүрүлөт


Аксы районундагы кыргыз-өзбек чегине орнотулган жазуулар.

Райондун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Торук айылындагы 21 үй-бүлөнүн турак жайы чек ара тилкесинен 30 метр ары жылдырылат. Бул тууралуу район акими Медетбек Айдаралиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан менен чектеш аймакта талаш жаратып келген 2900 метр аралык такталып, эл аралык документтерге ылайык, бейтарап аймакты сактоо максатында үйлөр көчүрүлүшү керек.

- Бул багытта өкмөткө кат жолдонду. Айыл өкмөт тарабынан жашоочуларга жер тилкелерин берүү караштырылып жатат, – дейт Айдаралиев.

Торук айылында учурда 220 үй-бүлө жашайт. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG