Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Бишкекте Самаковду колдогон митинг өтүп жатат


Самаковдун тарапкерлери кечээ УКМКнын тегерегинде чогулду
Самаковдун тарапкерлери кечээ УКМКнын тегерегинде чогулду

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун тарапкерлери ушул тапта Башкы прокуратуранын алдында тынчтык митингин өткөрүп жатат. Эки жүз чамалуу киши Самаков саясий буйрутма менен камалганын айтып, бийликтен адилет чечим кабыл алууну суранып жатышат. Алар колдоруна “Бүгүн Самаков, эртең ким?”, “Эл өкүлүнө эркиндик!” деген жазууларды кармап алышкан.

Акциянын уюштуруучулары ага катышып жаткандарды түрдүү чагымдарга алдырбоого чакырды. Депутаттын уулу Аман Самаков “Азаттыкка” билдиргендей, тынчтык митингине Жогорку Кеңештин депутаттары жана санаалаштары чакырылган.

Карганбек Самаков 15-май күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага 2007-2008-жылдары Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси боюнча иш козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG