Орусиялык олигарх Сергей Полонский мыйзамсыз жашап жүрөт деген негиз менен Камбожадан депортацияланды. Орусияда 175 миллион долларды кымырып алган деп күнөөлөнүп жаткан олигарх 15-майда Сиануквиль шаарында кармалып, бүгүн Москвага учак менен жеткирилди.
Бийлик өкүлдөрү ал эки жылдан бери мөөнөтү өткөн виза менен жашап жүргөнүн билдирди.
Кыймылсыз мүлк ишкерлиги менен алектенген Полонскийге 2013-жылдын июнунда 80 инвестордун ири суммадагы акчасын өз пайдасына колдонгон деп, кылмыш иши козголгон. Бирок ал муну “негизсиз айыптоо” деп атаган болчу. (SE)