Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:12

Түркмөнстанда миңден ашуун адам абактан бошотулат


Түркмөнстанда түрмөдө отурган 1200гө жакын адам мунапыс менен эркиндикке чыгарылат. Өлкөнүн расмий маалымат булактары кабарлагандай, мунапыс жөнүндөгү буйрук 16-майда, Конституция күнүнө карата чыгарылды.

18-майда белгилене турган Конституция күнүнүн урматына Түркмөнстанда жыл сайын миңден ашуун адам абактан бошотулат. Мамлекеттик басылмалар түрмөдөгүлөр кылмыш жасаганына өкүнүп, президенттин атына тообо келтирип жазган каттын негизинде гана эркиндикке чыгарын жазышат. (SE)

XS
SM
MD
LG