Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Бишкекте ЛГБТ өкүлдөрүн милиция алып кетти


Бишкектеги кафелердин биринде майрам өткөрүп жаткан сексуалдык азчылык өкүлдөрүн Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Ал жакта сурак жүргүзүлүшү мүмкүндүгүн ЛГБТнын укугун коргогон уюм өкүлдөрү “Азаттыкка” кабарлашты.

Бүгүн шаардагы кафелердин биринде майрам өткөрүп жаткан кумсалардын жыйынына “Кырк чоро” уюмунун жигиттери барып үзгүлтүккө учураткан. “Кырк чорочулар” кафеде эки жигит "баш кошуп" жатканынан улам бул кадамга барышканын билдиришкен. Бирок ЛГБТ өкүлдөрү мындай маалыматты тастыктаган жок.

Дүйнө жүзүндө 17-май – гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күн катары белгиленет. 1990-жылы ушул күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кумсалык психикалык оору эместигин жарыялаган. Сексуалдык азчылык өкүлдөрү кафедеги майрам ушул датага байланыштуу уюштурулганын, ага 30 чамалуу адам катышып жатканын билдиришти.

Кыргызстанда кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш аны март айында кабыл алган. Эл аралык коомчулук буга адам укугун бузуу катары баа берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG