Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Кыргызстанда Түркмөнстандын маданият күндөрү өтөт


Түркмөн кыздары
Түркмөн кыздары

Кыргызстанда алгачкы жолу Түркмөнстандын маданият күндөрү 22-майдан 24-майга чейин борбор калаа Бишкекте болот. Иш-чаранын ачылышы 22-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Түркмөнстандын маданият жана искусство чеберлеринин катышуусундагы концерт менен башталат. 23-май күнү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде түркмөн элине таандык кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү болот. 23-24-май күндөрү Айтматов атындагы Кино үйүндө түркмөн фильмдери көрсөтүлөт. 24-май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында Түркмөнстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн жабылышына арналган гала концерт берилет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG