Кылмыш дүйнөсүндө таасир талаш жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметов билдирди.
Анын айтымында, 27-апрелде "Жал" кичи районунда орун алган ок атышуу да ошондон.
- Мындай окуялар дагы болушу мүмкүн, бирок алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз, - деди Каниметов.
Милициянын маалыматына караганда, учурда Камчы Көлбаев менен Алмаз Бокушевдин кылмыштуу топторунун ортосунда тирешүү жүруп жатат. 27-апрелде Бишкектин "Жал" кичи районунда ИИМде кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган Дамир Сапарбеков өлтүрүлгөн болчу. (MTo/RK)