Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Үркүн тууралуу повесть жарык көрдү


Жазуучу Темирбек Жолдубаевдин 1916-жылкы Үркүндө Чүй боорундагы орус баскынчылыгын чагылдырган тарыхый “Актоко” повести жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” автор өзү кабарлады.

Повестте ошол жылдары жер которуштуруп келип, кыргыз жерин жердеп, орун-очок алып отурукташып калган орус калкынын жергиликтүү эл менен болгон өз ара түшүнбөстүгү камтылат. Автор архивдик материалдарга таянып Үркүн окуясындагы буга чейин айтылбай келген жагдайларга токтолгон.

Чыгарманын башкы каарманы - Кызыл-Дыйкан айылында жашап өткөн тарыхый инсан, кыргызга келин болуп, 1916-жылдагы кандуу окуяда эки улут ортосуна данакер болууга далалаттанган орус кызы Актоко.

Темирбек Жолдубаевдин буга чейин поэтикалык ыр жыйнактары жарык көрүп келген.

“Актоко” жазуучунун алгачкы повести.(ZA)

XS
SM
MD
LG