Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

"Замандаш": Беш адамдын кетиши партиянын ишине таасир тийгизбейт


Беш кишинин кетиши алардын жеке маселеси жана бул иш жалпы партиялык саясатка эч таасирин тийгизбейт. "Замандаш" партиясы беш адамдын мүчөлүктөн баш тартышын бүгүн ушинтип мүнөздөдү.

"Алар партиянын жогорку кеңешинин мүчөсү эмес болчу, жетекчилик кызмат ээлеген эмес, катардагы мүчө болчу" деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

«Замандаштан» чыгуу тууралуу арызын Любовь Ардамина, Станислав Епифанцев, Григорий Зозуля, Александр Степанюк жана Галина Кетова "башында макулдашылган шарттар аткарылбай жатканына" байланыштуу жазган болчу.

​Любовь Ардамина менен Станислав Епифанцев Бишкек шаардык кеңешинде депутат.

Маркум Мухтар Өмүракунов Орусияда жана Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо максатында негиздеген "Замандаш" партиясы кийин "Замандаш-Современник" деп аталып, ага жаңы мүчөлөр кошулган. (RK)

XS
SM
MD
LG