Аалы Карашев Мамлекеттик кадр кызматынын директорлугунан кетти. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Анда Карашев өз каалоосу боюнча кызматтан бошотулуп жатканы айтылат.
Аалы Карашев 1998-2007-жылдары президенттик администрацияда уюштуруу жана жергиликтүү башкаруу бөлүмдөрүндө иштеген. 2007-2009-жылдары Ош облусун башкарып турган. Өкмөттө да жетекчилик кызматтарды ээлеп, 2012-жылдан бери Кадр кызматын жетектеп келаткан. (RK)