Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

ӨКМ: Көгарттын суусу коркунуч жаратууда


Сузак районундагы Көгарт дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад шаарына жана бир канча айылдарга коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Министр Кубатбек Боронов бүгүн Жалал-Абад облусундагы нөшөр жааган жаандын кесепетинен жабыркаган аймактарды жеринен кыдырып жүрөт. Анын иш сапары Көгарт дарыясынын жээгин бекемдөө боюнча аткарылып жаткан иштер менен таанышуудан башталды.

Андан кийин ал Ноокен, Базар-Коргон, Ала-Бука райондорун кыдырууда.

Нөшөр жаан жана тоодогу кардын эришине байланыштуу сел жүрүү коркунучу 25-майга чейин сакталарын ӨКМ эскерткен. (RK)

XS
SM
MD
LG