Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Казакстанда кырылган бөкөндөр саны 10 миңден ашты


Казакстандын айыл-чарба министрлиги бүгүн билдиргендей, кырылган бөкөндөр акыркы бир аптада, Костанай облусунда 16 миң гектар аймактан табылды. Мындан улам жергиликтүү бийликтер аймакта өзгөчө абал жарыялашты.

Азыркысы - Казакстанда бөкөндөрдүн эң көп кырылган учур. Өткөн аптада эле алардын саны 1000дин тегерегинде деп айтылган. Казак бийликтери кырылуунун себеби катары бөкөндөр арасында аба аркылуу жуккан жана пасстерилиз деп аталган инфекция жайылганын айтышууда. Анткени, өлгөн бөкөндөрдүн денесинен башка трамванын белгилери байкалган эмес.

Буга дейре Костанайда 2012-жылы да 1000дей бөкөн кырылган. Жаратылышты коргоочулар анда бул көрүнүштү Байконур космодромундагы учуулардын зыянына байланыштырышкан эле.

Соңку кездери Орусиянын уулуу отун колдонулган Протон-М ракеталарынын бир нечеси Байконурдан учурулгандан кийин жарылып кеткен болчу. Бул окуялар жергиликтүү тургундарды, экологдорду камтамага салган. (UE)

XS
SM
MD
LG