Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Техаста байкерлердин атышынан кийин 200дөй киши камалды


Байкерлердин урушу болгон жер. 17-май, 2015-жыл.
Байкерлердин урушу болгон жер. 17-май, 2015-жыл.

АКШнын Техас штатынын полициясы билдиргендей, байкерлердин эки атаандаш тобунун атышуу менен коштолгон мушташынан соң камалган 192 кишиге эми расмий айып коюлат.

Мушташта кеминде тогуз киши өлүп, ок жана бычак жеген 18 киши ооруканага жаткырылды.

Полициянын маалыматына караганда, өлгөндөрдүн баары байкерлердин бандиттик тобунун мүчөлөрү. Арасында жөн-жай тургундар жок. Техастык байкерлердин кагылышы Уэйко деген шаардын соода борборунда болду.

Баштапкы иликтөөлөргө караганда, бычак, желим таяк, чынжыр, ок атуучу курал колдонулган уруш ажатканада тутанып, акырында имараттын сыртына, автоунаа токтоочу аянтка чейин жайылган. (UE)

XS
SM
MD
LG