“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, публицист Табылды Эгембердиев менен коштошуу зыйнаты бүгүн саат 9:00дө Көк-Жар айылындагы курган “Супара” этнографиялык комплексинде болот.
Буга чейин аны менен коштошууну каалаган жарандар жекшемби күндөн тарта эле “Супарага” барып, сүрөтүнүн алдына гүлчамбар коюп жатышты. Социалдык тармактарда Эгембердиевди эскерүү боюнча түрдүү акциялар уюштурулууда.
Эгембердиевдин каза болгондугуна байланыштуу президент, мамлекеттик ишмерлер кечээ көңүл айтты.
Табылды Эгембердиев 16-май күнү, 64 жаш курагында, узакка созулган оорудан дүйнө салды.
“Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиев 1996-жылы базар экономикасы шартында ийгиликтүү ишмердүүлүгү үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган.(ZKo)