Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Cариев Каржы министрлигине жол оңдоого каражат табууну тапшырды


Бишкектеги жолдордун бири.
Бишкектеги жолдордун бири.

Өкмөт башчы Темир Сариев каржы министрине жолдорду оңдоо үчүн кошумча 1 миллиард сомдон ашуун каражат табууну тапшырды. 18-май күнү министр Адылбек Касымалиевди кабыл алган премьер-министр өлкөдө жолдордун абалы кескин начарлап кеткенин айтты.

Кыргызстанда жол оңдоо иштерин негизинен жергиликтүү жеке компаниялар жүргүзөт. Ал эми чоң курулуштарды чет элдик фирмалар тендер аркылуу ишке ашырат. Бирок курулган жана оңдолгон жолдор жыл айланбай кайра бузулган фактылар көп.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, 2017-жылга чейин кытай грантынын эсебинен салынчу ири магистралдык жолдорду бүтүрүү пландалууда. Майда оңдоо иштерине өкмөт каражат табышы керек. (SE)

XS
SM
MD
LG