Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

Кумсалардын жыйынын бузгандарга кылмыш иши козголду


Бишкекте кумсалар топтолгон кафеге бастырып кирип, алардын жыйынын үзгүлтүккө учураткан активисттерге кылмыш иши козголду. Окуя Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 234- бейбаштык беренеси менен тергелип жатканын “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

17-май күнү шаардагы кафелердин биринде майрам өткөрүп жаткан кумсалардын жыйынын “Кырк чоро” жана “Калыс” кыймылынын жигиттери барып, үзгүлтүккө учураткан. Алар кафеде эки жигит "баш кошуп" жатканынан улам бул кадамга барышканын билдиришкен. Бирок ЛГБТ өкүлдөрү мындай маалыматты тастыктаган жок.

Сексуалдык азчылык өкүлдөрү кафедеги майрам 17-май – гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күндүн урматына уюштурулганын билдиришкен.

Кыргызстанда кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш аны март айында кабыл алган. Эл аралык коомчулук буга адам укугун бузуу катары баа берүүдө. ЛГБТ өкүлдөрү окуяны териштирүүнү суранып, прокуратурага кайрылмакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG