Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Жалал-Абадда жашоочулардын колунан 16 курал алынды


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 12-17-май күндөрү жүргүзүлгөн “Арсенал” аталышындагы рейддин негизинде жашоочулардан 16 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирет. Анын он бирин жарандар өз ыктыяры менен тапшырган. Беш курал ыкчам маалыматтардын негизинде табылган.

Ушундай эле рейд менен Ошто мыйзамсыз сакталып жүргөн алты курал табылды.

2010-жылдагы июнь коогасы учурунда жүздөгөн курал-жарак элдин колуна өтүп кеткени тууралуу расмий билдирилген. (RsK\SE)

XS
SM
MD
LG