Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстандын аймагында 25-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Синоптиктер айыл чарба, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде жана жайыттарда мал кармоодо кыйынчылык жараларын эскертет.

Нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

20-май күнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы болжолдонууда. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27,

Баткен облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 16...21,

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 18...23,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 12…14, күндүз 25…27 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG