Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:09

Таш-Көмүрдө алгачкы Маалымат-ресурстук борбор ачылат


27-майда Таш-Көмүрдө шаардагы жалгыз Маалымат-ресурстук борбордун ачылышы болот. Ал шаардык китепкананын базасында түзүлгөн жана алгачкы кардарлар азыртадан эле борбордун кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууда.

Таш-Көмүр шаардык мэриясынын социалдык тапшырыгы боюнча Жаштарды өнүктүрүү институту ишке ашырган «Жаштардын жана мамлекеттик структуралардын өз ара аракети аркылуу Таш-Көмүр ш. жаштардын социалдык-маданий өнүгүүсү» долбоорунун алкагында шаардык китепкана эки аптанын ичинде толугу менен ремонттолуп чыгып, көп функционалдуу маалымат-ресурстук борбор болуп кайра түзүлдү. Аталган борбордун ачылышы менен шаар жаштарына замапбап дүйнөгө да эшик ачылып, электрондук китепкананын жардамы менен билимге болгон кызыгуу да, онлайн вебинарларга катышуу каалоосу да артат. Зымсыз интернеттин жардамы менен жаштар Кыргызстанда да, чет өлкөдө да болуп жаткан окуялар, өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу актуалдуу маалыматты алалышат.

Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бейөкмөт уюмга социалдык кызмат көрсөтүүгө буйрутма берген муниципалдык тапшырыктын алгачкы тажрыйбасы. Мындай практика социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет, бийлик менен жарандык коом ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрөт, эң негизгиси Кыргызстанда жарандык коомду чет өлкө гана каржылаганынан улам суроо жаратып келаткан түшүнбөстүктөрдү жөнгө салууга жардам берет. Себеби эми өлкөдө социалдык өнүгүүгө багытталган долбоорлорду каржылоонун ички булактары пайда болот.

XS
SM
MD
LG