Пакистан менен Ооганстандын коопсуздук кызматтары исламчыл согушкерлерге каршы күрөштөгү кызматташтык келишимине жетишишти. Эки өлкөнүн бул кызматтары көп жылдардан бери кырды-бычак мамиледе болуп келишкен. Тараптар эми талип согушкерлерине каршы операцияларды чогуу жүргүзүп, чалгын маалыматтары менен алмашып турушмакчы. Пакистан менен Ооганстан көп жылдардан бери бири - бирин талип согушкерлерин колдонот деп күнөөлөп келишкен. Абал Ашраф Гани Ооганстанда президент болуп шайлангандан бери жакшыра баштады.