Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Нарында студенттер зомбулукка каршы кыймыл түздү


Нарында кыз-келиндердин зомбулукка кабылышын алдын алуу максатында студенттерден турган кыймыл түзүлдү. Нарын мамлекеттик университетинде окуган кыздардан куралган "Аруузат" кыймылы тууралуу анын жетекчиси, университеттин окутуучусу Бактыгүл Жусуева “Азаттыкка” билдирди.

- Биздин башкалардан айырмабыз - айымдар зомбулукка кабылгандан кийин жардам көрсөтпөстөн, алардын арасында алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Биздин максат коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жоюу, - дейт Жусуева.

Аталган кыймыл учурда мектеп жана окуу жайларга тажрыйбалуу айымдарды алып барып, окутууларды өткөрүп жатышат. Уюмдун мүчөлөрүн басымдуу бөлүгү ыктыярчы студенттер. (MiK)

XS
SM
MD
LG