Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

NATO: Орусия украин жикчилдерин колдоону токтотсун


НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдоону Москва токтотушу керек деп айткандыгын билдирди.

Столтенберг бүгүн Брюсселдеги жолугушуудан кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берди. Ал Лавровго ошондой эле Орусиянын көп сандаган аскердик чукул машыгууларына да тынчсыздануусун билдирди.

«Биз мындан тышкары ачыктыктын болушун, айрыкча чек араларда аскерлердин саны көбөйгөн учурда ачыктыктын болушу зарыл» экендигин белгиледик. НАТО менен Москванын алакасы Орусия Украинанын Крым аймагын былтыр мартта тартып алгандан кийин өзгөчө начарлап кетти.

XS
SM
MD
LG