Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Бишкекте "Айыл агро" көргөзмөсү башталат


Бишкекте өткөн "Айыл агро" көргөзмөсүнөн. 21-май, 2013-жыл
Бишкекте өткөн "Айыл агро" көргөзмөсүнөн. 21-май, 2013-жыл

Үчүнчү жолу Кыргызстанда өтүп жаткан эл аралык көргөзмөгө 20 мамлекеттен 55 ишкана катышат. Анда жер иштетүүдөн тартып, түшүмдү жыйноого чейинки керектүү техникалар, мал чарбачылыгына зарыл жабдуулар, өсүмдүк өстүрүүгө минералдык жана башка заттар, кайра иштетүү үчүн зарыл каражаттар көргөзмөгө коюлат.

Көргөзмө 22-майга чейин уланат. Иш-чараны кыргыз өкмөтү Орусиянын “Росагромаш” ассоциациясы менен чогуу уюштурууда.

Өткөн жылы аталган көргөзмөгө АКШ, Германия, Швеция, Түркия жана КМШ мамлекеттеринен 39 компания катышып, айыл чарба техникаларын жана жабдууларын кыргызстандыктардын назарына сунушташкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG