Бул тууралуу Кыргызстандын Екатеринбургдагы консулдугунун башкы атташеси Азат Береналиев билдирди. Анын айтымында, 2014-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жараны Аида Кабылбек кызынын сөөгү Жогорку Сысерть аймагындагы токойдон табылган. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, ал кыз өз жанын кыйып, асынып алган. Анын туугандары өз убагында табылбагандыктан ошол жактагы боордоштор көрүстөнүнө көмүлгөн. Учурда атасы Екатеринбургга барып, кызынын сөөгүн алып кетүү үчүн жардам суроодо. Учурда консулдук жана диаспора өкүлдөрү каражаттан жардам берүүнү сүйлөшүп жатат.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Осмоналиев 15 күн мурда Екатеринбургда эки кыргызстандык кызды токойдо асып кетишкенин, алардын жакындары жардам сурап кайрылганын айтып чыккан. Консулдуктан асынып алган экинчи кыз тууралуу маалымат жок экенин “Азаттыкка” кабарлашты. (КЕ)