Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Зордукталган кыздарды кайрадан экспертизадан өткөрүү талабы айтылды


Бүгүн “Жардамдашуу оңой” фондунун жетекчиси Динара Аляева жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров зордукталган кыздар боюнча Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Капар Батырканов менен жолугушту. Анда кыздарды кайрадан медициналык экспертизадан өткөрүү талабы айтылды. Ошондой эле зордуктоого шектелген өгөй атасын убактылуу кармоо жайына камоо керектиги белгиленди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, Батырканов кыздардын энеси аракеч болгонун, буга өгөй атасынын тиешеси жоктугун белгилеген.

14-май күнү социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 10 жана 6 жаштагы эже-сиңдини өгөй атасы зордуктады деген шек менен алып барышкан. Догдурлардын текшерүүсүнөн кийин кыздардын жыныстык органдарына доо кеткени такталган. 16-май күнү “Азаттыкка” маек берип жатып, кыздардын апасы күйөөсүнүн байланыштары көп экенин жана андан коркорун билдирген.

17-май күнү кечинде өгөй атасынан запкы көрдү делген эже-сиңдиге кайрымдуулук жардамын көрсөткөнү барган “Жардамдашуу оңой” фондунун ыктыярчылары кыздарды ооруканадан таппай калышкан. Медайымдар жана чогуу дарыланып жаткандар болуп издеп, акыры кыздардын апасы Махабат аларды алып качып кеткени аныкталды. Бүгүн, 20-майда кыздардын жашоо-шарты менен таанышып келүү үчүн ИИМ кызматкерлери жөнөп кетишкенин маалымат кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG