Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Кыргызстан боюнча 126 мектепте тестирлөө жүрүп жатат


Өлкө боюнча бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин текшерүүчү жалпы республикалык тестирлөө 19-майда башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Евгения Чубукова маалымдады. Тестирлөө борборлору өлкөнүн 126 мектебинде уюштурулган. Окуучулар кыргыз же орус тилинде гана тест тапшырат.

Өткөн жылы арыз жазган окуучуларга өзбек тилинде сынак тапшырууга уруксат берилген болчу. Быйыл өзбек тилинде тест тапшырууну каалагандардын саны аздыгына байланыштуу тестирлөөдөн өзбек тили биротоло алынып салынган. Кыргызстанда 91 мектепте окутуу өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Жалпы тестирлөө өнөктүгү 14 жылдан бери жүргүзүлүп келатат. Аны Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрөт. Быйыл мектепти 75 миңден ашуун окуучу бүтүрөт. (SA)

XS
SM
MD
LG