Президент Барак Обама Ак үйдө Ирак урууларын каруу-жарак менен камсыздоо жана аларды машыктырууну ыкчамдатуу маселесин талкуулады. "Арийне, сиздер билгендей, биздин максатыбыз “Ислам мамлекети” радикал тобун биротоло талкалоо. Ошондой эле аларды Рамадиден сүрүп чыгуу”, - деп билдирди 20-майда Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест.
Барак Обама Ирактын министрлер кеңешинин армияны чоңойтуу жана жергиликтүү урууларды тез машыктырып-куралдандыруу боюнча 19-майдагы чечимин колдоду. Ак үйдөгү кеңешмеге вице-президент Жо Байден, мамкатчы Жон Керри, коргоо министри Эш Картер, АКШнын Борбордук командачылыгын башчысы, генерал Ллойд Остин да катышты.
Конгрессмен-республикачылар халифатчылардын Рамади шаарын басып алуусуна байланыштуу Ак Үйдү катуу сындашууда.