Бермуд аралдарында рифке чыгып кеткен норвегиялык саякатчы кеме 19-майда сапарын улантты. Тайыз суудагы аскаларда 6 жарым саатка жакын турган кемени чыгарууга деңизден кирген суу көмөктөштү. Анын деңиз астындагы аска таштарга туткундалып калышына элект кубатынын убактылуу өчкөнү себеп болгон. Кемеде саякатчылар жана экипажы болуп 3,5 миңдей адам бар эле. Кеме АКШнын Бостон шаарына кайтып бараткан. “Бардык коноктордун жана кеменин экипажы аман-эсен” деп билдирди.