Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Сириядан кайтып келгендер отуздан ашты


Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар
Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар

Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, акыркы бир жылда Сирияда машыгуудан өтүп, согуштук аракеттерге катышып келген 33 адам кармалды.

Атайын кызмат булар Кыргызстанга келгенден кийин да жөн жатпай, башкаларды Сирияга жөнөтүү, үндөө жана теракттарды уюштуруу иштери менен алектенген деп билдирүүдө.

Кыргызстандыктардын Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы тууралуу маалыматтар алгач эки жыл мурун чыккан. Эми алардын айрымдары кайтып келип, өлкөдө ар кыл экстремисттик, мыйзамсыз иштер менен алектенгени аныкталууда.

Тыйылбаган Сирия азгырыгы

УКМКнын маалыматы боюнча азыр кармалган 33 адамдын баары камакка алынды. Айрымдары экстремисттик ишмердик жүргүзгөн деген берене менен соттолду. Мындан сырткары Сирияга барып кайткандар бул жакка келип, башка кылмыштарга да аралашканы аныкталууда. Ошентсе да атайын кызмат өкүлдөрү Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу максатында кеткен адамдардын аягы тыйылбай жатканын моюнга алышат.

Улуттук коопсуздук комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов динди жамынган мындай адамдар үгүттөөнүн жаңы жолдорун колдонуп жатканын айтууда:

- Учурда интернет аркылуу үгүттөөнү активдүү жүргүзүп жатышат. Мындан сырткары ал жакка кеткен адамдар өздөрүнүн жакындарына, тааныш-билиштерине чалып, ар кыл кызыктыруучу сунуштарды айтканы көп кездешүүдө. Аларга “мен бул жакта жакшынакай эле жүрөм” деп ар кандай тасмаларды салып жатышат.

Мындан сырткары, "жихадчылардын" Сирияга барууга ниет кылгандарга каражат да камдап берген учурлары катталууда. Маселен, Сирияга камылга көрүп жаткан үч аял ушул айдын башында Оштун Кара-Суу районунда кармалган. Ош облустук милициясынын маалыматы боюнча, аталган жарандар интернет аркылуу Түркияда жашаган бир адам менен сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал аялдарды Түркияда диний окуу жайга өткөрүүгө жана жумушка орнотууга убада берип, жол киресин да салганын милициянын өкүлү Жанна Сатаркулова “Азаттыкка” билдирди:

- Ал эмне болгон адам, эмне максатты көздөөрүн билбей эле “Ватсаптан” жөнөткөн кабарга ишенип, алданып даярданып жатышыптыр. Атүгүл балдарына да паспорт даярдап коюшуптур. Алар үчүн чакырган тарап акча салган экен. Алар Түркияга барып, диний окуу жайда окуйбуз деп ишенип алышыптыр.

Жыл башында Эл аралык кризистик топ борбор азиялыктардын Сирияга жихадга кетип жатышынын себептерин изилдеп, бул көрүнүштүн саясий себептерин талдоого алган эле. Анда "жихадчылар" борбор азиялыктардын саясий жана социалдык өзгөрүүлөрдөн көңүлдөрү калганынан пайдаланып, динди жамынуу менен аларды өз катарына тартып жатканы айтылган.

Интернеттеги үгүттү тыюуга мүмкүнчүлүк аз

Ал эми Борбор Азия өлкөлөрү боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн Бишкектеги Prudent Solutions аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиев ар кыл экстремисттик уюмдар үгүттөөнүн ыкмаларын өзгөрттү дегенге кошулат:

- Ар кыл үгүт, өзүнө тартуу иштери активдүү жүрүп жатат. Маселен, акыркы учурда интернеттеги ислам темаларына арналган ар кыл форумдарга кирсең муну дароо эле байкайсың. Алар алгач ортого бир тема таштайт. Анан ким ага көбүрөөк кызыгуусун көрсөтсө, дароо ага жабышып, өз катарына тартууга аракет кылышат. Күч органдар ушул маселеге көп көңүл бурбагандай сезилет. Интернеттеги мындай форумдарды көзөмөлдөөгө техникалык мүмкүнчүлүк аз.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Сириядагы согуштук аракеттерге 340тан ашык кыргызстандык катышып жүрөт. 30дан ашууну каза тапкан. 2014-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети терроризмге байланышкан 137 кылмыш ишин козгоп, анын 76сы тергелип, сотко жиберилген.

Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге катышкандардын басымдуу бөлүгү 16-22 жаштагылар жана арасында кыз-келиндер да бар.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG