Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Карганбек Самаковду үй камакка чыгаруу чечимине каршы доо арыз берилди


Октябрь райондук прокуратурасы Самаковду үй камакка чыгаруу чечимине каршы доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Арызда ошондой эле Башкы прокуратуранын тергөө тобунун Самаковду камоо тууралу өтүнүчүн канааттандыруу суралган. Көзөмөл органы Самаков оор берене – коррупцияга шектелип айыпталып жатканын да белгилеген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

17-май күнү Октябрь райондук соту Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгарган. Сот чечимине ылайык, ал райондун аймагынан чыга албайт жана түнкү саат ондон таңкы сегизге чейин өз үйүндө болууга тийиш.

Карганбек Самаковго Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп 14-майда кылмыш иши козголуп, эртеси күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG