Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Профсоюздар: төраганын тополоңу


Кыргызстандын Кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясы кайрадан чыр-чатактын очогуна айланды.

Федерациянын ревизиялык комиссиясы уюмдун эсебиндеги сегиз миллион сомдон ашуун каражат дайынсыз уурдалган фактынын бетин ачты.

Буга кошумча федерация кеңешиндеги демилгелүү топ соңку мезгилде профсоюздарга таандык мүлк жана жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилген фактыларды иликтөөгө киришти.

Бирок федерациянын президенти Асылбек Токтогулов мындай дооматтарды четке кагып, миллиондогон сомду уурдоо фактысын өзүнүн башкы эсепчисине оодарды.

Активисттердин каршылыгына карабастан Асылбек Токтогулов билим берүү тармагындагы кесиптик кошуундар уюмунун төрагалыгына үчүнчү ирет кайра шайланды.

Көмүскө шайлоонун көздөгөнү эмне?

Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында өткөн билим берүү тармагынын кесиптик кошуундар уюмунун курултайына журналисттер менен профсоюздун катардагы активист-мүчөлөрү киргизилген жок. Анын себебин эшикти тосуп турган чымыр дене спортчулар жыйынга делегат катары чакырылгандар гана киргизилерин айтып, журналисттерге маалымат алууга тоскоолдук жасалды.

Журналист Ардакбек Каныбек уулу эмнеге бул ачык иш-чарага атайын спортчулар жалданганына кызыкты:

- Мындагы коомдук тартипти камсыздоого ушул жердин тескөөчү-милиционери эле жетишмек. Бул жерде эшикти тосуп, адамдарды иргеп киргизип жаткан спортчулар өздөрүн Күзөт агенттигиненбиз дешти. Аларды бул жакка тургузуп, эшикти тостуруп, журналисттерди киргизбөөгө ким буйрук берди? Кесиптик кошуундар уюмунун жетекчилиги өзү коомчулуктун кызыкчылыгын коргой турган мекеме. Бирок анын элден жашырынып шайлоо өткөрүп жатканы эмнени түшүндүрөт?

Бул жыйында билим берүү тармагындагы кесиптик кошуундар уюмунун борбордук комитетинин жаңы төрагасы шайланмак. Бирок ага киргизилбей калган журналисттер менен профсоюздун жаш активист мүчөлөрү буга чейинки төраганын отчету жана шайлоодо талапкерлигин койгондор тууралуу маалымат ала алышкан жок.

Бир эле учурда федерациянын президенттиги менен билим берүү тармагындагы кесиптик кошуундар уюмунун төрагалыгын айкалыштырган Асылбек Токтогулов кызмат ордун сактап калганы жарыяланды. Бирок шайлоону эмнеге мынчалык жашырып-жаап өткөрүүнүн себептери ачык айтылбады.

Асылбек Токтогулов мындай көмүскөлүктү анын кызматына кызыккандар менен байланыштырды:

- Биз прессаны бул курултайга чакырган эмеспиз. Алар ким тарабынан чакырылганын билбейбиз. Эмнеге биз журналисттерди чакырган жокпу? Анткени түшүнүксүз жагдайлардын негизинде биздин курултайга тоскоолдук кыла турган күчтөр тууралуу маалыматыбыз болгон. Эң эле прогрессивдүү профсоюздардын бири - бул билим берүү тармагынын кесиптик кошуундар уюму. Анан ушуну дагы көрө албай жатышат. Кимдер федерациянын төрагалыгын алууга көзү кызарып жатса, күзгү шайлоого даярданышы керек.

Жоголгон акчанын жоболоңу

Профсоюздун жаш активисттери бул курултайда сөз алып, федерациянын жана тармактык кесиптик кошуундар уюмунун төрагасы Токтогуловдун коррупциялык иштери туурасында баяндама жасоо үчүн келишкен. Бирок аларга сөз берилмек турсун, жыйналышка да киргизилген жок.

Кыргыз улуттук университетинин кесиптик кошуундар уюмунун мүчөсү Элдияр Карачалов Токтогуловдун бул кызматка кайра шайланууга моралдык укугу жок болчу дейт:

- Силер делегат эмессиңер деп шылтоо кылып киргизбей койду. Бирок баштапкы жобо боюнча алардын мындай мамиле кылууга акысы жок болчу. Курултай өтүп, биз кирбей калсак да шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко даттанабыз. Анткени бул шайлоо 2010-жылы бурмаланып кабыл алынган жобонун негизинде өттү. Буга чейин Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын эки жолку ревизиясы болгон. Мына ошондо 8 миллион 196 миң сом акча кассада жок болуп чыккан. Мындан башка ондон ашуун одоно мыйзам бузуулар табылган. Анан ушул иш боюнча башкы эсепчиге иш козголуптур. Адатта мындай каржы иштери жетекчинин көрсөтмөсү жок чечилбейт. Анан эми ал азыр өзүнүн эсепчисине бардыгын оодара коюп, өзү аппакай болуп чыга калгысы бар.

Калптын казаны "кайнаганда"...

Кыргызстандын кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов 2014-жылдын эсеби боюнча эсепканадан ири өлчөмдө акча жетпей калган фактыны тастыктады. Бирок ал бул иш анын башкы эсепчисинин аракети менен болгонун белгиледи. Ошол эле кезде Асылбек Токтогулов бул каржылык көз боёмочулук иши жеке өзүнүн демилгеси менен ачылганын кошумчалады:

- Бул кыңыр ишти ревизиялык комиссия эмес, өзүм таап чыктым. Жылдын бюджетин бекитип жатканда ага сүңгүп кирип, адистер менен биргеликте карап чыгып, башкы эсепчинин ошол кемчилигин аныктадык. Мына ошондо 4 миллион 300 миң сом жок болгону текшерилген. Токтогуловдун бир жерде колу болсо, ал ишти мен жаап койбойт белем? Өзү башкы эсепчиден милдеттенмени алып, мөөрдү тапшыртып, кассирди алмаштырып, ошол акчаны төлөп берүүгө бир ай мөөнөт бердим. Бир айдан кийин дагы ал төлөп бере алган жок. Анан бул ишти президиумда карадык. Аны жумуштан алып, бул ишти териштирүү үчүн прокуратурага бердим.

Бирок Токтогуловдун мындай билдирүүсүн анын орун басары Темирбек Жаналиев төгүнгө чыгарды. Анын айтымында, кесиптик кошуундар уюмдарынын федерациясынын ревизиялык комиссиясынын корутундусуна кеңештин он бир мүчөсү кол койгон.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Темирбек Жаналиев жогорудагы кылмыш фактысын мурда эле билген болсо, эмнеге анда төрага кеңештин мүчөлөрүнө учурунда маалымат бербегенин айтып, өзүнүн жетекчисинин калпын айыптады:

- Бул ишти ревизиялык комиссия таап чыккан. Бул ишти ал ага чейин эле мурдатан билген болсо, анда аны жашырып жүргөн деп түшүнсөк болот. Бул ишти мурда эле билсе, ошол кезде бизге айтыш керек эле да. Бул өтө чатак иш. Анда бул киши бардыгын жашырган болуп калат. Башында мына ошол ревкомиссия тапкандан кийин дагы чыгып жатпайбы. Ошону менен бардыгы болуп 8 миллион сомдон ашуун каражатты түздү. Анан эми төрага башында эле бул ишти билип, эсепчиге акчаны ордуна койгонго бир ай мөөнөт берип жүргөн болсо, Кылмыш-жаза кодекси боюнча бул иш кылмышты жашыруу болуп калат. Мында фактыларды ачуу эмес, жашыруу болуп жатпайбы.

Алдым-жуттумдуктун “акыбети”

Ревизиялык комиссиянын корутундусунда негизсиз коротулган сегиз миллион сомдон сырткары сатылып алынган буюмдардын баалары ашыкча көрсөтүлгөн жана кандай максатта чыгымдалганы аныкталбаган фактылар мисалга алынган. Ошондой эле документтер жасалма кол коюу менен толтурулган каржылык мыйзам бузуулар тастыкталганы көрсөтүлгөн.

Элдияр Карачалов төрага Токтогулов чет элден келген чакыруулардын эсебинен болгон сапарларына да мыйзамсыз акча төлөтүп алган фактыларды мисал келтирди:

- Чакырган тарап бардык чыгымдарды төлөгөнүнө карабастан Токтогулов кайра кассадан акча төлөтүп алган эки мисалды келтирейин. Ал чакырган тараптын эсебинен Орусиянын Екатеринбург шаарына барып келгенден кийин “акча короттум” деген негизде 29 миң 750 сом төлөтүп алган. Ошондой эле чакыруу менен Кытайга барып келген. Ал жактан келгенден кийин дагы ага 85 миң 652 сом кассадан төлөнгөн. Текшерүү учурунда бул иш сапарлардын бардыгын чакырган тарап төлөгөнү аныкталган. Бирок Токтогулов уялбастан "чөнтөгүмдөн" чыгым кетти деген негизде кассадан акча төлөтүп алган.

Сатылып кеткен мүлк менен жер тилкелери

2013-жылы 2-апрелде “Ысык-Көл” турбазасынын аймагындагы 67 сотых жер тилкеси 5 157 100 сомго сатылган. Андан аз өтпөй эле Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Ала-Тоо” пансионаты жалаң бак-дарактан турган эки гектар 34 сотых жер аянтынан ажырады. Анткени аталган эс алуу жайынан кесилип алынган жер аянты 2013-жылы 4-апрелде 180 76,0 миң сомго бааланып кеткен.

Андан мурун Чолпон-Атадагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын аймагынан 2 гектар 51 сотых жер аянты 22 млн. 258 000 сомго сатылган. Ысык-Көлдөгү “Байсоорун” турбазасы 2012-жылы 23 млн. 300 000 сомго баш-оту менен сатылган. Мына ошол сатуудан түшкөн миллиондогон сом каражат каякка жумшалганы белгисиз.

Профсоюздар федерациясынын башкармалыгынын мүчөсү Канат Осмонов демилгелүү топ мына ошол фактыларга укуктук баа берүү маселесин көтөргөнүнө токтолду:

- Өткөндө федерациянын башкармалык кеңешинин өтө чуулгандуу жыйыны болду. Кыргызстан профсоюздарынын жүз жылдык тарыхында биринчи жолу мына ошондой шермендечилик уурулук окуя болгону тастыкталды. Дагы бир олуттуу жагдай көздүн жоосун алып, биздеги айрым бир адамдарга тынчтык бербей жаткан мына ошол профсоюздардын мүлкү. Азыр дагы четинен чычкан кемиргендей болуп, профсоюздук мүлккө кол салгандар көп. Ысык-Көлдүн жээгиндеги мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мүлктөрдү кайра кайтаруу боюнча чоң иштер башталганы турат.

Жер аянттарын сатуу менен кесиптик кошуундар уюмдарына караштуу эс алуу жана дарылануу жайларын жаңылоо буга чейин да бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок профсоюздук уюмга караштуу мүлктү сатуудан түшкөн каражат кумга сиңген суудай жок болгон учурлар катталган.

2010-жылга чейин профсоюздар федерациясы “Бостери”, “Кырчын”, “Кара-Шоро” сыяктуу жети турбазаны саткан. Андан түшкөн каражат кайда жумшалганы боюнча мурдагы жетекчилик отчет берген эмес. Бул жолу да мурдагыдай эле “имараттарды жаңылоого каражат табуу үчүн жер аянттарын сатуу керек” деген чечимдин арты менен тымызын аукциондор өткөрүлгөн. Жакында федерация жетекчилиги Оштогу турбазанын аймагындагы жер тилкелерин сатуу чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG