Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Жалал-Абадда жасалма майор чини менен элди алдаган киши кармалды


Аскердик форма менен жасалма майор чинин тагып, өзүн аскер бөлүктүн жетекчи орун басарымын деп тааныштырып, дүкөндөрдөн алдоо жолу менен буюмдарды алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Шектүү жаран мындан сырткары сузактык тургундун уулун аскерден алып калуу максатында да акча доолап алган. Бул багытта Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Жабырлануучулар мындан да көп болушу мүмкүндүгү айтылууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG