Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Президент ЕАЭБ келишимдерине кол койду


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдердин топтомуна кол койду. Кол коюу салтанатына өкмөт башчы Темир Сариев жана биримдикке кирген өлкөлөр, Казакстан, Орусия, Армения, Беларустун элчилери катышты. Мамлекет башчы бул күндү тарыхый деп баалап, келишимде улуттук кызыкчылык сакталганын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан биримдикке кирген башка өлкөлөр менен катар товардын сапатын оңдоого көңүл бөлөрү, “кара тизме” боюнча да иштер жүрөрү белгиленди.

Эми Евразия экономикалык комиссияга ратификация болгондугун кабарлап, нота жөнөтүлүшү керек. Келишимдер толук кандуу иштеши үчүн ушундай эле документ башка төрт өлкөдөн тең келиши зарыл. Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдердин топтомун кечээ, 20-майда ратификациялаган.

Кыргызстандын биримдикке кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада 8-майда кол коюлган. Биримдикке кирген беш өлкө - Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын парламенттери документтер топтомун ратификациялаган соң жеңилдиктер толук кандуу иштей баштайт. Өкмөт башчы Темир Сариевдин айтканына караганда, документтерди Орусия, Казакстан жана Беларус карай баштады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG