Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

ЕБнын лидерлери Ригага жыйналууда


Латвиянын байтакты Рига Чыгыш кызматташуусу жыйынына камданууда. 19-май 2015
Латвиянын байтакты Рига Чыгыш кызматташуусу жыйынына камданууда. 19-май 2015

21-майда Рига шаарында Евробиримдиктин Чыгыш кызматташуусу саммити ачылат. Эки күндүк жыйында Биримдиктин лидерлери Чыгыш кызматташтыгы программасын Орусия менен мамилесине айкалыштыруу жагын талкуулайт. Бул программага Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова жана Украина мүчө.

Жыйын алдында Грузия, Молдова, Украина алардын Евробиримдикке умтулуу ыкласын Биримдиктин лидерлери жыйындын финалдык декларациясында ачык таанууга чыгынбай жатат деп сындаган. Буга байланыштуу Еврокеңештин төрагасы Доналд Туск “Азаттык” радиосуна курган маегинде: "Биринчиден, Чыгыш кызматташтыгы – бул келечекте Евробримдикке мүчө болууга расмий убада эмес. Себеби Биримдикке мүчөлүк бул такыр жаңы идея. Албетте Грузия, Молдова, Украинада кыялданууга, европачыл кыялданууга укугу бар”, - деп билдирген.

XS
SM
MD
LG