Мындай билдирүүнү президент Режеп Тайып Эрдоган 20-майда Сараеводогу бир күндүк сапары учурунда жасады. Ал Сараевого жоон топ министрлерди жана ишкерлерди баштап келген.
Буга чейин Анкара Боснияга 50 млн. евро (56 млн. доллар) инвестицияласа, эми 25 млн. евро салмакчы. Босниянын президенти Младен Иваничтин айтымында, Түркияга азык-түлүк жана башка товарларды экспорттоону көбөйтүү Боснияда жаңы жумуш орундарын түзөт. Ал "ушул тапта Евробиримдик өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоодо кыйынчылыктар болууда", - деп кошумчалады.
Түркия Босния менен аскер өнөр жайында, туризм тармагында жана инфраструктураны өнүктүрүүдө кызматташат деген үмүтүн айтты Эрдоган.