Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Германия экс-советтик туткундарга компенсация берет


Экинчи Дүйнөлүк согуш кездеги советтик туткундар.
Экинчи Дүйнөлүк согуш кездеги советтик туткундар.

Германия Экинчи Дүйнөлүк согуш кезде запкы көргөн советтик туткундарга компенсация төлөп берүүнү мерчем кылууда. 20-майда немис саясатчысы Ганс-Улрих Крюгердин билдиришинче, парламенттин бюджеттик комитети нацисттик лагерлерде отурган экс-советтик аскерлерге компенсация ирети төлөөгө 10 млн. евро (11 млн. доллар) бөлүнсүн деп чечкен.

Гитлердик лагерде отуруп чыккан канча советтик жоокер тирүү экени белгисиз. Социал-демократ Крюгердин айтышынча, 1941-45-жылдары 5,3 млн. чамалуу советтик аскер фашисттик Германияда туткунда болгон жана алардын теңинен көбү лагерлерде жүрүп өлгөн.

Нацисттердин колунан жөөттөрдөн кийин эле советтик жоокерлер көп өлгөн, дейт немис парламентарийи. Бул кадамды Германиянын тышкы иштер министри, Социал-демократтык партиянын мүчөсү Франк-Валтер Штайнмайер “жакшы жышаана” деп колдоду.

XS
SM
MD
LG