Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Канжар Кадыралиевге карата жазык иши сотко түштү


Экс-прокурор Канжарбек Кадыралиевге карата жазык иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна келип түштү. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди. Соттук отурумдун күнү азырынча белгилене элек.

Башкы прокуратура буга чейин Социал-демократтар фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиевге карата бейбаштык, опузалоо жана өзүм билемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Аны камакка алуу чечимине карабай Кадыралиев беш айга жакын качып жүрүп, март айында прокуратурага өз эрки менен келген эле.

Жогорку Соттун чечими менен мурдагы прокурор №1 тергөө абагына киргизилиши керек болчу. Бирок ал ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу кайтарууга алынган. Ички иштер министрлиги айыпталуучу учурда ооруканада экенин, чыккан соң камакка алынарын билдирген. Жогорку Сот Кадыралиевди 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG