Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:06

ЮНЕСКО эл аралык коомчулукту байыркы Палмираны сактап калууга үндөдү


Байыркы Палмирадагы ачык асман алдындагы театрдын бир бөлүгү. 14-март 2014
Байыркы Палмирадагы ачык асман алдындагы театрдын бир бөлүгү. 14-март 2014

Уюмдун баш катчысы Ирина Бокова 21-майда Парижде жасаган видео кайрылуусунда Палмира жалпы адамзатка таандык мурас экенин эскерте кетти:  “Биз эл аралык коомчулукту мобилизациялообуз зарыл... Бизге Нимруд, Хатрадагыдай кыйратуулардын, Мосул музейиндегидей талоондун кереги жок. Палмираны бүлүнтпөө үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинин, бардык саясий лидерлердин, көп сандаган диний башчылардын кайрылуусуна муктажбыз..."

I-II кылымдарда курулган Палмиранын урандыларын ЮНЕСКО дүйнөлүк маданий дөөлөт деп жарыялаган. “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары Иракта Нимруд, Хатра сыяктуу археологиялык дөөлөттөрдү жана Мосул музейиндеги байыркы эстеликтерди кыйратып - тоношкон. 

Сирия армиясы Палмираны жихадчыларга калтырып кеткенин 21-майда расмий Дамаск тастыктады.

 

XS
SM
MD
LG