БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов бүгүн журналисттерди шайлоо системасынын жаңы үлгүсү менен тааныштырат. Ошондой эле 17-майда айылдык кеңештерди шайлоодо ишке киргизилген инновациялык технологиялардын артыкчылыктары тууралуу да айтып бермекчи.
Быйыл күзүндө парламенттик шайлоо болот. Анда добуш берүү жаңы система менен жүргүзүлөт. Шайлоочулардын тизмеси биометрикалык маалыматтарга карата түзүлүп, добуш берүүгө шайлоочулар ошол маалыматтары боюнча таанылып киргизилет.
Кыргыз бийлиги жаңы шайлоо системасы акыйкат шайлоо өткөрүүнү камсыздайт деп ишендирип келет. (ZKo)