Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

ӨКМ: Катуу шамалдын кесепеттери эсептелүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Баткенде 21-майдагы катуу шамал 38 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бак-дарактар сынып, электр зымдары үзүлгөн. Ал эми Ош облусуна караштуу Өзгөн, Мырзаке аймагында көп кабаттуу үйдүн жана турак үйлөрдүн чатырын учурган. Ушул эле күнү Нарындын Кочкор районунда катуу шамал катталып, Көк-Жар, Ак-Жар жана Кара-Тоо айылдарында турак үйлөрдүн чатырлары жабыркаган.

Алдын ала маалымат боюнча, шамалдын ылдымдыгы секундасына 25-28 метрге чейин жеткен. Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Учурда жарандык коргонуу комиссиясы чыгымдарды эсептөөдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG