Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Адахан Мадумаров кызматын тапшырды


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин башкы катчысынын орун басары кызматын тапшырды. Ал муну келаткан парламенттик шайлоого катышуу ниети менен байланыштырды. Бул тууралуу саясатчы бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди.

Мадумаров бул кызматка 2013-жылы жайында дайындалган. 21-майда ишкер жана “Дордой" ассоциациясынын президенти негиздеген “Эмгек” партиясы менен “Бүтүн Кыргызстан” келаткан шайлоого бирге барарын жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG