Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:30

Ирландияда кумсалардын үйлөнүүсү боюнча референдум өтүп жатат


Референдумга коюлган маселени колдоого чакырган жарнак. Дублин, 21-май, 2015-жыл.
Референдумга коюлган маселени колдоого чакырган жарнак. Дублин, 21-май, 2015-жыл.

Бүгүнкү добуш берүүдө ирландиялыктар бир жыныстагы кумсалардын өз ара үй-бүлө куруусуна уруксат берүү же бербөө маселесин чечүүсү керек.

Тиешелүү мыйзамды реформалоону саясий партиялардын баары колдоп, ири иш берүүчүлөр жана шоу бизнестин өкүлдөрү да жактады. Бирок чиркөө бул демилгеге караманча каршы чыккан.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары сунуш элдин үчтөн экисинин колдоосу менен өтөрүн көргөзүүдө. Кезинде католик дини абдан бекем сакталган бул өлкө 1995-жылы ажырашууларды мыйзамдаштырган болчу.

Бир жыныстагылардын үй-бүлө куруусуна уруксат бергендер арасында АКШнын бир нече штаты, Бразилия, Франция, Жаңы Зеландия, Британия да бар. Бирок алар жалпы улуттук референдум өткөргөн эмес. Жакында бул маселе Словакия менен Хорватияда добушка салынып, бирок четке кагылган. (UE)

XS
SM
MD
LG