30-майда Нарын шаарынын борбордук аянтында “ЭкоНарын” аталышындагы фестиваль өтөт. Анда Нарында өндүрүлгөн экологиялык таза продукциялардын, улуттук тамак-аштардын, жер-жемиштердин жана колго жасалган буюмдардын жармаңкеси болот.
Фестивалда улуттук бий сынагы, этнокийимдердин мода жумалыгы, экологияны коргоо жана аны таза кармоо максатында бир катар сынактар, мастер-класстар уюштурулат.
Фестивалга Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал, Нарын, Кочкор, Ат-Башы райондору жана Нарын шаары катышып, 10 боз үй тигилет. (MiK)