Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Сузакта беш үйдү көчкү басып, адамдар каза болду


Сузактын Кыржол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калды. Райондун акими Нурболот Мирзахмедов “Азаттыкка” билдиргендей, урандылардын астынан үч адамдын сөөгү табылды. Дагы курмандыктар бар экени айтылууда. Жабыркаган 24 адамдын арасынан 12 киши ооруканага жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы мерт болгондордун аты-жөнү Элиза Алибекова, Мирал Калыбек уулу жана Калыбек кызы (аты тактала элек) экенин кабарлады.

Ошондой эле Аттокур Алибеков, Жамила Сейдалиева жана 6 жашар бала изделип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырсык болгон айылга жөнөп кетти.

Куткаруу иштерин министрликтин Жалал-Абад облусундагы адистери жана райондук бийлик түзгөн ыкчам топ айыл тургундары менен бирге улантууда. Ошондой эле Оштон дагы 20 куткаруучу барып, жардам берүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, курман болгондордун эң кичүүсү 5 жашта. (SE)

XS
SM
MD
LG