Кыргызстан 25-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 8....13, 20...25
Талас өрөөнүндө 2...7, 18...23
Ош, Жалал-Абад 7...12, 20...25
Баткен облусунда 5...10, 19....24
Ысык-Көл облусунда 4...9, 14...19
Нарын облусунда 2...7, 12...17
Бишкекте 25-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10....12 градус, күндүз 22...24 градус болот. (AzK)