Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

Ирактын күчтөрү Рамади шаарын көздөй жылды


Ирактын өкмөттүк күчтөрү Рамади шаарын көздөй шийит кошуундарынын жана суниттердин согушкерлеринин колдоосу астында жыла алды.

Суниттердин жергиликтүү уруу башчылары билдиришкендей, бириккен күчтөр азыр Рамадиден 10 чакырымдай чыгыш тарапта жайгашкан

ал –Шарикия шаарчасын ээлеп турушат жана “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин сүрүп чыгарууну улантууну мерчемдешүүдө.

Быйыл 17-майда Анбар провинциясынын борбору Рамади шаарын “Ислам мамлекети” тобунун ээлеши Ирактын өкмөттүк күчтөрү үчүн чоң жоготуу болгон эле.

Бул аралыкта, соңку кабарларга караганда, “Ислам мамлекети” тобу Ирак менен Сириянын чек арасындагы өткөөл бекетти толугу менен басып алды.

Ал-Уалид чек ара бекетинин эки тарабынын тең ээлениши менен “Ислам мамлекети” тобу Сирия менен Анбар провинциясы ортосундагы эки чоң жолду тең көзөмөлдөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG