Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:23

Кызылчага каршы эмдөөнүн экинчи этабы аяктады


Кыргызстандын аймагында кызылча оорусуна каршы эмдөөнүн экинчи этабы аяктады. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун жетекчиси Жолдош Калилов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, 12-23-майда өткөн эмдөөдө 20 жашка чейинки 1 миллион 581 миң адам эмделди.

Адистердин айтымында, ушул тапта кызылча боюнча абал турукташып калды. Бул күндөрү республикалык инфекциялык оорукананын бир гана бөлүмү оорулууларды кабыл алып жатат. Буга чейин ал жердеги беш бөлүм кызылча менен ооругандарды дарылап жаткан.

Март айында Бишкек жана Чүйдө 315 062 киши эмдөөдөн өткөн.

Жыл башынан бери кызылча оорусуна Кыргызстан боюнча 7 миңге чукул киши кабылган. Илдетти алдын алуу үчүн улуттук эмдөө өнөктүгү башталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG