Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Акмолодо жейрендердин кырылуусу уланууда


Казакстан -- Чаарчыгы менен өлгөн бөкөн, Костанай облусу.
Казакстан -- Чаарчыгы менен өлгөн бөкөн, Костанай облусу.

Казакстандын Акмоло облусунда кырылган бөкөн-жейрендердин саны төрт жарым миңге чукулдап калганын аймактагы чукул кырдаалдар департаменти кабарлады. Буга чейин аймакта 2 миңдей жейрен кырылганы кабарланган. Казакстанда жейрендердин жапырт кырылуусу май айынын орто ченинен башталган. Ошондон бери расмий эсеп боюнча Костанай, Акмоло жана Актөбө облустарында өлгөн жейрен-бөкөндөрдүн саны 85 миңден ашты. Эң көп кырылуу Костанай облусунда.

Казакстандын айыл чарба министрлиги өткөн аптада жейрендер кырылып жаткан аймактарда илдет жайылуусунун алдын алуу жана үй жандыктарын коргоо максатында карантин жарыялаган. Кырылуунун себептери алиге белгисиз. Министрлик анын себебин аныктоого эл аралык эксперттерден жардам сураган.

Жергиликтүү бийликтер бөкөн-жейрендер арасында аба аркылуу жуккан пасстерилёз деп аталган инфекция тараган болушу мүмкүндүгүн болжолдоодо.

XS
SM
MD
LG