Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Абдраев атындагы музыкалык мектеп президенттен белек алды


Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатка микроавтобус сатып алуу үчүн өлкө жетекчисинин фондунан 600 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев бүгүн аталган окуу жайдын 50 жылдыгына арналып Бишкекте өткөн салтанаттуу жыйында билдирди.

Мектептин жамаатына жана окуучуларына жолдогон куттуктоо катында президент Алмазбек Атамбаев бул мектеп-интернат өлкөбүздүн билим берүү мекемелеринин арасында өзгөчө орунду ээлерин, жарым кылымдын аралыгында мектеп уясынан ондогон таланттуу музыканттар, аткаруучулар жана педагогдор тарбияланып чыкканын баса белгилеген.​ (RK)

XS
SM
MD
LG