Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Сирия обсерваториясы: ИМ 217 адамды өлтүрдү


Сирия -- Байыркы Пальмера шаары.
Сирия -- Байыркы Пальмера шаары.

Улуу Британияда жайгашкан Сирия обсерваториясы укук коргоо уюму (Syrian Observatory for Human Rights) Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери байыркы Пальмера калаасын басып алган он күндөн бери 217 адамды өлтүргөнүн маалымдады. Уюм согушкерлер өлтүрдү деген 67 адамдын аты-жөнүн аныкталганын, алардын 14ү бала, 12си аял экенин айтат. Калган 150 адам болсо Сирия коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, алар Хомс провинциясында өлтүрүлгөн. Алардын катарында Сирия президенти Башар Асад режимине "маалымат берип турган" деп айыпталгандар да бар.

Сирияда жарандык согуш башталган 2011-жылдын жазынан бери 220 миңден ашуун адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG